«Кыргызтелекомдун» мунара сааты оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулду

«Кыргызтелеком» ААКнын имаратынын мунара сааттарында убакытты көрсөтүү убактылуу токтотулду. Буга сааттын жебелерин кыймылга келтирген механизмдин табигый эскириши себеп болду: тиштүү механизмдердин бири эскирип жешилип, натыйжада сааттын жүрүшү токтогон.
Сааттын так иштешин калыбына келтирүү үчүн тиешелүү техникалык параметрлерге ээ болгон механизмди толугу менен алмаштыруу талап кылынат.
Алмаштыруу иштери эки саат циферблатында тең жүргүзүлөт. Чүй проспектиси тараптагы механизмде да катуу эскириш байкалган — азырынча иштеп жатат, бирок жаңылоону талап кылат.
Учурда компания керектүү механизмдерди сатып алып, алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
«Кыргызтелеком» ААК механизми алмаштырылгандан кийин сааттар кадимки режимде иштей турганын билдирип, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирет.



