Коом
2-февралга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарын ала булут каптап, жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы:
Талас жеринде 6…11,
Ысык-Көл чөлкөмүндө 3…8,
Чүй облусунда 7…12,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13 градус жылуу,
Нарын өрөөнүндө -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 10…12,
Ош шаарында 8…10 градусту түзөт.



