Бишкекте BMW X5 унаасынын салонунан барсетка урдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте унаалардан уурулук жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-январда Биринчи Май райондук ИИБге шаар тургуну Ж. А. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар Панфилов көчөсүндөгү автоунаа токтотуучу жайда токтоп турган BMW X5 унаасынын салонунан ичинде 8 миң сом акчасы бар барсетканы уурдап кетишкен.
Аталган факт боюнча «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү катары А. Б. аттуу жаранды кармашкан. Ал Биринчи Май райондук ИИБнин тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кармалган жаран башка ушул сыяктуу кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө иштери улантылып, милиция кошумча эпизоддорду текшерүүдө.
ШИИББ жарандарды сактык чараларын сактоого жана кыска убакытка болсо да унааларда баалуу буюмдарды, документтерди жана акча каражаттарын калтырбоого чакырды.



