Спорт
Бүгүн Италияда XXV кышкы Олимпиада оюндары башталат

Бүгүн Италиянын Милан шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт.
Иш-чарага дүйнөгө таанымал өнөрпоздор катышары күтүлүүдө. Ачылыш аземинин темасы — «Гармония» деп аталып, билеттердин баасы 260 евродон 2000 еврого чейин жетет.
22- февралга чейин созула турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Бири тоо лыжасынан Тимур Шакиров жана лыжа менен жарышууда Артур Сапарбеков барат.
Олимпиада оюндарында 93 өлкөдөн 3000 миңдей спортчу катышат.
Олимпиадалык спорттун 8 түрүнөн (көркөм муз тебүү, хоккей, биатлон, лыжа жарышы, керлинг, сноуборд, коньки менен жарышуу жана чана спорту) андагы 16 дисциплина боюнча 116 медаль тапшырылат.



