Golden Eagle Luxury Trains компаниясы “Улуу Жибек жолу поезд менен” темир жол турун ишке киргизди

Golden Eagle Luxury Trains компаниясы Борбор Азияга багытталган жаңы, люкс деңгээлдеги 22 күндүк “Улуу Жибек жолу поезд менен” темир жол турун ишке киргизди. Узундугу 3 862 чакырым болгон маршрут Бээжинде башталып, Ташкентте аяктайт. Саякат учурунда поезд Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу өтөт.
Тур Улуу Жибек жолунун бай тарыхы жана маданияты менен тааныштырып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарына кирген белгилүү объекттерди камтыйт.
Алардын арасында Кытайдагы Тыюу салынган шаар, Улуу Кытай дубалы, Сиандагы Терракота армиясы, ошондой эле Өзбекстандын Самарканд, Бухара жана Хива шаарлары бар.
Люкс поезддер La Belle Époque стилинде жасалып, жеке ваннасы бар кабиналар, ресторан-вагондор жана лаунж-барлар менен жабдылган.
Поезддеги эң талапчыл коноктордун муктаждыктарына ылайыкташтырылган. Кабиналар төмөнкү категорияларда сунушталат:
Silver Class – 5,5 чарчы метр
Gold Class – 7 чарчы метр
Imperial Suite – 11 чарчы метр (king-size керебет, эс алуу аймагы жана жылытылган пол менен).
Ар бир кабина жеке жуунучу бөлмө, панорамалык терезелер жана көңүл ачуучу системалар менен жабдылган. Бул жүргүнчүлөргө жолдо толук эс алып, саякаттан ырахат алууга шарт түзөт.
22 күндүк сапардын баасы бир адамга 50 700 АКШ долларынан башталат (эки адамдык жайгашуу менен). Бул суммага жашоо, тамак-аш, бардык трансферлер жана саякаттык камсыздандыруу кирет.
Алгачкы сапар 2026-жылдын 21-сентябрынан 12-октябрына чейин пландалган.
Экинчи тур 2027-жылдын 30-августунан 22-сентябрына чейин өтөт. Эксклюзивдүү форматта уюштурулган бул темир жол саякатына суроо-талап жогору болору күтүлүп орундар чектелүү экендиги айтылат.



