Коом
Мамлекеттик автомектептерде мектепти бүтүп жаткан окуучулар акысыз окутулат

Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, окуу мөөнөтү 10 айды түзүп, жалпы 320 сааттык сабактардан турат. Орто мектептердин 11-классынын окуучулары жаңы окуу жылынан баштап акысыз окуй баштайт.
«10 айлык окууну толук бүткөн жана экзаменди ийгиликтүү тапшырган окуучулар дароо туруктуу айдоочулук күбөлүк ала алышат»,-деди ал.



