Дүйнө

Окумуштуулар Жер бетинде климаттын катаалдашын айтышууда

Окумуштуулар Жер бетинде «тозоктой» климаттын башталышын божомолдошту. Алардын айтымында, глобалдык жылуулуктун кесепетинен кайтарылгыс өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

«Бул дүйнөнү жаңы жана тозоктой “парниктик Жер” климатына алып келет. Бул абал температуранын эки-үч градуска жогорулашынан да алда канча оор болот, азыркы божомолдор боюнча дүйнө дал ушундай көрсөткүчкө жакындап барат», — деп айтылат макалада.

Басылма окумуштуу Кристофер Вольфтун билдирүүсүн келтирет. Анын айтымында, критикалык өзгөрүүлөр качан болорун так айтуу кыйын, ошондуктан алдын алуу чараларын сактоо абдан маанилүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button