Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 77 депутат колдоп, бешөө каршы добуш берди.
Бир бюллетень жараксыз деп табылып, дагы төртөө (бузулгандыктан) жокко чыгарылды.
Белгилей кетсек, Марлен Маматалиев спикерлик кызматка жалгыз талапкер болгон.
Марлен Маматалиев 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.
Билими:
1998 – 2002-жж. – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча — бакалавр даражасы;
2002 – 2003-жж. – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетинде «Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча – жогорку билим (магистратура);
2009 – 2010-жж. – Кыргыз экономикалык университетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча – жогорку билим;
2011-ж.- Civil Service College Сингапур «Адам ресурстарын башкаруу»;
2019 – 2023-жж. – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Техникалык системалардагы автоматташтыруу жана башкаруу” – аспирантура, техникалык илимдердин кандидаты;
2024-ж. – Кыргыз экономикалык университетинде докторантура (PHD), “Экономика” багыты боюнча;
2024-ж – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Юриспруденция”, жарандык-укуктук иш багыты боюнча – экинчи жогорку билим;
2024-ж. – РФ Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясында (РАНХиГС) “Жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери”.
Иш тажрыйбасы:
2003 – 2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Маалыматтык системалар башкармалыгынын башчысы, Башкармалыктын башчысынын орун басары-программалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Программалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси, Программалык камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2006 – 2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Май 2008 – декабрь 2008-ж – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы;
2007 – 2009-жж – Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Уюштуруу-кадрдык иштер жана финансылык камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы; министрдин кеңешчиси; министрдин жардамчысы;
2009 – 2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты, КР Биринчи-вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Август 2010 – ноябрь 2010-ж – “Ар-Намыс” саясий партиясы, аппарат жетекчиси;
2011 – 2012-жж. – Экономикалык тескөө министрлиги, статс-катчы, башкармалыктын башчысы;
2012-ж. – өкмөтүнүн аппараты, Реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;
2013 – 2016-жж. – “СУ-12” ЖАК башкармалыктын төрагасы;
2016 – 2018-жж. – “Аллор Строй Сервис” ЖАК башкы директору, ТРЦ “Азия молл” соода борборунун башкы директору;
2018 – 2021-жж. – Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитети;
2021-жылдан азыркы учурга чейин –Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы депутаты, “Ынтымак” фракциясынын лидери, Жогорку Кеңешьин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети.
Сыйлыктары:
— “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги”;
— “КР финансы-экономикалык кызматынын отличниги”;
— “Соода-экономикалык иштин отличниги”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
— Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
— “ЖККУ Парламенттик кызматташтыгын чыңдоо үчүн” медалы;
= Самбо боюнча спорт чеберине талапкер, Бишкек шаары боюнча Самбо федерациясынын президенти.
Класстык чени:
“Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”.



