Коом

УКМК: «Черный ломбарддын» жана мыйзамсыз сүткорлуктун иши аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2026-жылдын 12-февралында КР УКМК мыйзамсыз күрөөканалардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, кийинчерээк күрөө мүлкүн тартып алуу жана тиешелүү уруксаттарсыз каржылык ишмердүүлүктү жүргүзүү максатында негизсиз жогорку пайыздык чендер менен насыя берген КР жараны А.А.Т.ны кармады.

Тактап айтканда, кармалган А.А.Т. оор материалдык абалда турган жарандарга мыйзамсыз түрдө карыз берип, анын негизинде кыймылсыз мүлк объектилерин күрөөгө алуу аркылуу, ири көлөмдө пайда таап келген.

Тинтүү учурунда онго жакын мүлккө тиешелүү документтер, ошондой эле мыйзам талаптарын бузуу менен сакталган “Байкал” жылмакай стволдуу куралы жана ок-дарылары алынды.

Ал эми кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына жеткирилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана катыштыгы бар болуусу мүмкүн болгон башка жактарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button