Саясат
Үч министр кызматтан алынды

Президент Садыр Жапаров үч министрди кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев кызматтан кетти.



