Токаев Дональд Трамп атындагы сыйлык уюштурууну сунуштады

Касым-Жомарт Токаев АКШнын президенти Дональд Трамптын ысымындагы өзгөчө сыйлыкты негиздөө демилгеси менен чыкты.
«Мен президент Трамптын тынчтык орнотуу жаатындагы өзгөчө аракеттерин жана жетишкендиктерин таануу иретинде Тынчтык кеңешинин атайын сыйлыгын түзүүнү сунуштагым келет. Урматтуу президент, сиздин жетекчилигиңиз алдында Тынчтык кеңеши өзүнүн улуу жана асыл миссиясын ийгиликтүү аткарат деп ишенем», — деди ал Вашингтондо.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстан эл аралык деңгээлде ишенимдүү аброю жана жогорку компетенциясы бар компаниялар аркылуу калыбына келтирүү жана курулуш иштерине катышууга кызыкдар.
«Бул программа инфраструктураны, турак жайларды, мектептерди, ооруканаларды жана башка маанилүү социалдык объекттерди курууну камтышы мүмкүн. Биздин өлкө дүйнөдөгү ири буудай өндүрүүчүлөрдүн бири катары Газада жана анын аймагынан тышкары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр», — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, кечээ, 19-февралда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу үчүн түзгөн Тынчтык кеңешинин биринчи жыйыны өткөн.



