Саясат

Жогорку Кеңешке жаңы эки эл өкүлү келди

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү маселесин карады. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлады.

Жыйындын жыйынтыгында БШК Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматовичти – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, ал эми Нышанов Жайлообай Данибаевичти – №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды.

Аталган талапкерлер расмий түрдө депутат болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама (күбөлүк) жана депутаттык төш белгилер тапшырылды.

Эске салсак, мандаттарды өткөрүп берүү тийиштүү округдардагы бош калган орундардын негизинде ишке ашырылды. Жаңы депутаттар каттоодон өткөн учурдан тартып өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришишет.

Тектеш кабарлар

Back to top button