Коом

Байсалов: Учурда 8 миң сомдон аз пенсия алган пенсионерлер жок

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баалардын өсүшү боюнча комментарий берип, оң макроэкономикалык көрсөткүчтөргө карабастан кымбатчылык маселеси Кыргызстан үчүн негизги чакырыктардын бири бойдон калып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жалпы республикалык жыйындын жыйынтыгында маалымдады.

Байсаловдун айтымында, өлкө экономикасы туруктуу өсүп жатканына карабастан, коомчулукта товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташы боюнча талкуулар уланууда. «Бюджет 3,5 эсеге көбөйдү, экономика жылына 10–11 пайыздык өсүш темпин көрсөтүүдө», — деди ал.

Төраганын орун басары мамлекет башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап жатканын, ал эми өкмөттүн каржы-экономикалык блогу жума сайын мониторинг жүргүзүп, кошумча чараларды көрүп жатканын белгиледи.

Байсалов баалардын өсүшүн пандемия мезгилинде башталып, геосаясий чектөөлөр менен күчөгөн глобалдык процесс деп атады. «Биздин экономика туруктуу абалда. Сом акыркы беш жылдан бери өз наркын сактап келет, бирок дүйнөлүк рыноктордун таасири сөзсүз болот. Тышкы факторлордон экономиканы толук коргой алган бир дагы министрлер кабинети болгон эмес», — деди.

Ал ошондой эле салыштырмалуу маалыматтарды келтирди: мурдагы өнүгүү темптери сакталганда, 2025-жылы орточо айлык маяна 44,5 миң сом эмес, болжол менен 23 миң сом болмок. Орточо пенсия 7 миң сомдун тегерегинде болмок, азыр болсо 11 миң 238 сомду түзөт. «Учурда 8 миң сомдон аз пенсия алган пенсионерлер жок», — деп белгиледи Байсалов.

Анын айтымында, эгерде мамлекет мурдагы ыкманы сактап калганда, жакырчылыктын деңгээли калктын жарымына чейин жетиши мүмкүн болчу. Ошондуктан өкмөт өндүрүштү колдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана социалдык жардамды күчөтүүгө басым жасоодо.

Байсалов Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатканын белгиледи. «Эң башкысы — учурдагы темпти сактап калуу. Оптимизмди жоготпошубуз керек. Бизге элдин биримдиги жана бийлик менен жарандардын ортосундагы ишеним маанилүү. Калганы — чечилүүчү маселе», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button