Эрнис Жээнтаев апасын акыркы сапарга узатуу үчүн СИЗОдон атайын уруксат менен чыкты

Массалык башаламандыктарга чакырык таштаган деген айып менен соттолгон Эрнис Жээнтаевге 26-февралда каза болгон апасын акыркы сапарга узатууга байланыштуу тергөө абагынан убактылуу чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Ысык-Көл облусунун Темир айылында өтөрү айтылды. Туугандары жана жакындары Жээнтаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 41 жаштагы Жээнтаевди КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктарга чакырыктар) жана 332-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү) боюнча күнөөлүү деп таап, социалдык тармактардагы жарыялары үчүн алты жылга эркинен ажыраткан.



