Дүйнө

Трамп Ирандын жаңы жетекчилиги андан сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну суранганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп The Atlantic басылмасына берген маегинде Ирандын жаңы жетекчилиги андан сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууну суранганын билдирди.

«Алар сүйлөшүүнү каалап жатышат, мен макул болдум, ошондуктан алар менен сүйлөшөм. Муну алар мурда эле жасашы керек болчу. Алар абдан практикалык жана оңой ишти мурда эле кылышы керек эле. Алар өтө көп күтүп жиберишти», — деди Трамп.

АКШ президенти сүйлөшүүлөр качан өтүшү мүмкүн деген суроого жооп берген жок. «Бул адамдардын көбү кетти. Биз иш алып барган айрым адамдар чоң соккудан кийин жок болуп кетишти. Алар муну мурда жасашы керек болчу, Майкл. Алар келишимге келе алышмак. Муну мурда жасашы керек эле. Алар өздөрүн өтө акылдуу сезишти», — деди Трамп.

CNBC телеканалына берген маегинде АКШ президенти Ирандагы операция «графиктен ылдам жүрүп жатканын» айтты. «Азыр окуялар абдан позитивдүү нукта өнүгүп жатат», — деди Трамп.

Ошол эле учурда Fox News телеканалына берген маегинде Трамп эгер АКШ жана Израиль Иранга каршы согуш баштабаганда, «алар эки жуманын ичинде өзөктүк куралга ээ болмок» деп билдирди. «Анан мунун баары мүмкүн болбой калмак», — деп кошумчалады Трамп.

АКШ жана Израиль 28-февралда Иранга каршы согуш баштаганга чейин, Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. АКШ Ирандан өзөктүк курал иштеп чыгуудан баш тартууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Израиль жана АКШнын соккусунун натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза тапкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button