Маданият

Байге фонду 1 млн. сом. Тогуз-Тородо акындардын айтышы өткөрүлөт

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда “Саймалуу-Таш санаты” аттуу акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Манас театры билдирди.

Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында уюштурулуп жатканы белгиленди.

Айтыштын тандоо туру 6-ноябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук тарых музейинин залында өткөрүлөт.

Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар 18-ноябрда саат 18:00дө Тогуз-Торо райондук Маданият үйүндө башталат.

Театр сынактын байге фонду 1 миллион сом экенин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button