Коом

Кыргызстанда мунай продуктуларынын запасы эки айга жетет

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандагы ири мунай трейдерлери менен жолугушту.

Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда мунай продуктуларынын запастары, баа кырдаалы жана ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) менен туруктуу камсыз кылуу маселелери каралды.

«Сакталып турган геосаясий чыңалуу шартында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал кызматтын көзөмөлүндө жана кыска мөөнөттүү мезгилде өлкөнүн ички рыногуна терс таасирин тийгизбейт. Мунай продуктуларын бажы төлөмүсүз жеткирүү КР менен Россиянын энергетика министрликтеринин ортосундагы күчүндө турган өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында, бекитилген индикативдик баланс боюнча жүргүзүлүүдө. Бул механизм жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн туруктуулугун камсыздап, ички рынокту тышкы тобокелчиликтерден кошумча коргоону камсыз кылат», — деп айтылат маалыматта.

Мунай трейдерлеринин маалыматы боюнча, учурда КММ рыногунда кырдаал туруктуу бойдон калууда. Мунай продуктуларын жеткирүү жеткирүү планына ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Мунай продуктуларынын запасы эки айга жетет.

Ошондой эле январь айында республикада бензин менен дизелдик отундун баасы литрине 3 сомго чейин арзандаганы белгиленди.

Мунай трейдерлеринин маалыматына караганда, учурдагы баанын түзөтүлүшү чектелген мүнөздө. Базарга күйүүчү майдын жаңы партиялары түшкөн сайын чекене баалар кайра каралышы мүмкүн. Ошол эле учурда КММдин баасынын мындан аркы өзгөрүүсү Россиянын мунай иштетүүчү заводдору түзгөн дүң баалардын деңгээлине жараша болот.

Жыйындын жыйынтыгында кызматтын ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— Кыргызстандагы мунай трейдерлерине учурдагы бааларды кармап туруу жана КММдин баасын кескин жогорулатууга жол бербөө;

— ички рынокту камсыз кылуу жана мунай продуктуларынын тартыштыгына жол бербөө үчүн КММдин зарыл болгон запастарын түзүү.

Өз кезегинде мунай трейдерлери жыл аягына чейин мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга даяр экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button