Сафлор өндүрүшү: “Шабане” чарбасы тууралуу айтылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин «30+20+10» долбоорунун алкагында Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти «Шабане» дыйкан чарбасынын иши менен таанышты.

Чарба 1995-жылдан бери сафлор өстүрүп, сафлор майын өндүрөт. Өндүрүш толук цикл менен ишке ашат — жер иштетүүдөн тартып кайра иштетүүгө чейин. Ошондой эле жергиликтүү калкка муздак ыкма менен май сыгуу кызматын көрсөтөт.

Жолугушууда чийки заттын жетишсиздиги негизги көйгөй катары айтылып, тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү жана электр энергиясын жеткирүү пландары белгиленди. Мындан тышкары, өндүрүштү диверсификациялоо максатында кошумча жер тилкелерин жеңилдетилген шартта берүү өтүнүчү көтөрүлдү.

«30+20+10» долбоору кайра иштетүүнү өнүктүргөн жана ресурс үнөмдөөчү чарбаларды колдоого багытталган.



