УКМК: Ошто «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн кызматкери опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК тарабынан ички иштер органдарынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ШИИБдин «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.А.Ж. тарабынан акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды.


Тактап айтканда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында, М.А.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жараны А.Х.Д.дан ага карата катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын карап чыгуу маселеси боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн 200 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталган.




Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, Ош ШИИБдин «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.А.Ж. акча каражаттарын алып жаткан учурда кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



