Коом

Омандан 260 кыргызстандык эвакуацияланды

Жакынкы Чыгыштан дагы 260 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз жарандары Омандан «Аэро Номад Эйрлайнс» компаниясынын учактары менен өлкөгө учуп келишкен. Репатриациялоо Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана «Кыргызстан аэропорттору» ААК тарабынан ишке ашырылган.

Буга чейин Сауд Арабиясынан 210 кыргызстандык мекенине кайтып келген. ТИМдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта болжол менен 20 миңдей кыргызстандык бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button