Окуялар

Даниэль Ажиев кайрадан кармалганы айтылууда

Жакында эле бошотулган Даниэль Ажиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнө таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышты.

Алардын айтымында, бүгүн — 6-мартта Ажиевди милиция кызматкерлери Токмок шаарында кармашкан. Ал жерде достору менен эс алып жүргөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тинтүү учурунда анын жанынан баңгизат табылган.

Бирок азырынча кармоонун так себеби белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Ажиевге берилген ырайым тууралуу жана анын апасы телефон чалганын айтып берген.

Эске салсак, Ажиев 2023-жылдын июнь айында вебкам-студияларды уюштурган деген айып менен кармалган. Ал Бириккен Араб Эмираттары на Өзбекстан аркылуу учуп кетүүгө аракет кылып жаткан учурда коңшу өлкөдө кармалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button