Коом

Билим берүү министрлиги, Финансылык чалгындоо кызматы жана БШК меморандумга кол коюшту

Бүгүн  29-май 2024-жылы кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) 40-пленардык жумалыгынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюу аземине БШКнын төрайымы Шайлдабекова Нуржан Кармабековна, БИМ министри Кендирбаева Догдургул Шаршеевна жана ФЧМКнын төрагасы Асангулов Канат Кубатович катышты.

Меморандумдун максаты — өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн республикалык Олимпиадаларды биргелешип уюштуруу жана өткөрүү. Бул Олимпиада финансылык коопсуздук маселелерин жайылтууга, ошондой эле жаштарда финансылык бүтүмдөрдүн шектүү түрлөрүн аныктоо боюнча компетенцияларды калыптандырууга, шектүү банктык операцияларга тартуу тобокелдиктерин азайтууга жана алдамчылык схемалардын жайылтылышына жол бербөөгө багытталган. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн коргоо боюнча шарттарды түзүүгө оң таасирин тийгизүүгө тийиш.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button