Коом

Бишкектеги электр мамылары жаңыланат

Быйыл Бишкек шаарында электр тармактарын модернизациялоонун алкагында 278 даана эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Жаңылоо иштери борбор калаанын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Алмаштырыла турган мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, колдонуу мөөнөтү эчак өтүп кеткен.

2026-жылга пландалган иштер:

  • Түндүк РЭТ — 125 даана;
  • Батыш РЭТ — 103 даана;
  • Чыгыш РЭТ — 50 даана.

Иштерди 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы шаар боюнча 671 даана темир-бетон мамы орнотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button