Дүйнө
КМШ өлкөлөрүндө эң кооз жана эң бийик балаты аталды

Жаңы жылга карата КМШ өлкөлөрүндө салттуу түрдө майрамдын негизги символу болгон балатыларды орнотуп жатышат. Кайсы өлкөнүн балатысы эң бийик болгону аталды.
КМШга мүчө мамлекеттердин ичинде эң узун жаңы жылдык балаты Түркмөнстандын борбору Ашхабадга орнотулса, эң кыскасы Кишинев шаарына коюлду.
Ашхабадга орнотулган балатынын узундугу 44 метр. Былтыркы рекорд да Түркмөнстандын борборуна таандык болгон – анда 41 метрлик балаты орнотулган.



