Коом
Мэрия:Бишкекте жаңы вокзал ачылды
Чыгыш автобекети шаардын четине көчүрүлүшүнө байланыштуу мэрия айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде “Бишкек автобекетин” ачты
Анын аянты 5 гектарды түзөт. Эртеңден тарта бул бекеттен жаңы линиядагы №146 автобус каттамга чыгат. Жалпысынан 25 транспорт, 8-10 мүнөттүк аралык менен каттайт.
Буга чейин Садыр Жапаров «Ош» базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүлө турганын билдирген. Бул чара аймактардын экологиясын жакшыртууга жана унаа тыгындарын жоюуга жардам берет.



