Саясат
Бүгүн президент Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт

Бүгүн президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер саат 11:00 де ант берет.
“Ант берүүдөн кийин президент сөз сүйлөйт. Эгерде мамлекет башчысына суроолоруңуздар болсо, берсеңиздер болот”, — деди төрага.
Ал парламенттин депутаттарын министрлер кабинетинин чарбалык ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорду бербөөгө чакырды.



