Коом

Ысык-Көл облусунда электр зымдары жаңыланат

2026-жылы Ысык-Көл облусунда жалпы узундугу 75,5 чакырым болгон 10/0,4 кВ эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырууну пландап жатат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, пландалган иштер төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:

  • Каракол шаарында – 8,6 чакырым;
  • Чолпон-Ата шаарында – 19,7 чакырым;
  • Балыкчы шаарында – 5,6 чакырым;
  • Тоң районунда – 20 чакырым;
  • Ак-Суу районунда – 6 чакырым;
  • Жети-Өгүз районунда – 5,5 чакырым;
  • Түп районунда – 7,7 чакырым.

Ошону менен бирге реконструкция иштеринин алкагында 1100 даана эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Реконструкция иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айына чейин аяктайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button