Коом

Нооруз майрамына арналган негизги салтанат быйыл Нарында белгиленет

Нарын облусу Нооруз-2026 элдик майрамына арналган негизги салтанаттардын борбору болот.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, майрамдык иш-чара шаардын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтында өтөт. Салтанатка президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Майрамдык программада:

  • табияттын жаңыруусуна жана элдин биримдигине арналган театралдаштырылган оюн-зоок;
  • салттуу сүмөлөк таркатуу жана улуттук оюндарды өткөрүү;
  • күндүзгү масштабдуу концерт, ошондой эле саат 19:00дө өлкөнүн алдыңкы артисттеринин катышуусундагы гала-концерт.

Майрамдык салтанат саат 21:30да Нарындын түнкү асманын кооздогон жаркыраган фейерверк менен аяктайт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Нооруз майрамы президенттин катышуусунда Ош шаарында белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button