Байсалов Жакынкы Чыгышты тынчтыкка жана диний касташууга каршы күрөшүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунда Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Кыргызстан светтик жана көп конфессиялуу мамлекет экенин белгилеп, анда исламдык мурас дин тутуу эркиндигинин принциптери менен айкалышып келгенин айтты. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өкмөт диндер аралык диалогду жана сабырдуулукту өнүктүрүү саясатын ырааттуу жүргүзүп жатат.
«Биз үчүн исламофобияга каршы күрөш бардык диний жек көрүүнүн түрлөрүнө каршы күрөш менен ажырагыс байланышта. Мусулмандарга карата басмырлоого эч качан жол берилбеши керек. Бирок ошондой эле христиандарга, жөөттөргө жана башка дин өкүлдөрүнө карата басмырлоо да жол берилгис», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Эдиль Байсалов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга да токтолду. Ал Кыргызстан бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотууга жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык диалогду кайра жандандырууга үндөй турганын билдирди.
Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү жыл сайын 15-мартта белгиленет. Аны негиздөө боюнча резолюцияны БУУнун Башкы Ассамблеясы Ислам кызматташтык уюмунун демилгеси менен 2022-жылы кабыл алган. Кыргызстан мындай талкууларга дайыма катышып, ар түрдүү диндердин тынчтыкта жашоосунун маанилүүлүгүн баса белгилеп келет.



