Пайдалуу кеңештер

Дарыгер ден соолукту сактоодогу төрт мифти атады

Дарыгер Амир Хан ден соолукту сактоонун жолдору тууралуу эң күлкүлүү төрт мифти атады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы билдирди.

Дарыгердин айтымында, салыштырмалуу жакында «уруктарды ( дан азыктары) цикл боюнча колдонуу» деген миф пайда болгон. Аны колдогондор аялдар циклдин белгилүү бир фазаларында ар кандай уруктарды жесе, гормондордун тең салмактуулугу калыбына келет деп эсептешет. Хан бул ыкманы толугу менен пайдасыз деп атады.

Экинчи миф катары дарыгер айрым БАДдар ар кандай гормондордун деңгээлине таасир эте алат деген пикирди белгиледи. Анын айтымында, организм бул милдетти өз алдынча аткарат. Эгер кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, анда олуттуу текшерүүдөн өтүп, дарылануу керек.

Ошондой эле Хан детокс каражаттары организмди токсиндерден же паразиттерден тазалайт деген ой да чындыкка туура келбейт деп кошумчалады. Дарыгердин айтымында, мындай препараттар негизинен кадимки эле ич өткөрүүчү каражаттар болуп саналат.

Дарыгер дагы бир кеңири тараган түшүнүк — беттеги шишик кортизолдон пайда болот деген ой экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, бул гормон беттин түзүлүшүн өзгөртүшү мүмкүн, бирок бул өтө сейрек кездешет жана мээнин айрым оорулары болгондо гана пайда болот.

«Мындай кеңештерде ар бир көйгөйдү жөнөкөй жол менен чечсе болот деп айтылат. Бирок чындыгында организмде гормондорду, детоксикацияны, метаболизмди жана иммунитетти көзөмөлдөгөн өтө татаал системалар бар», — деп жыйынтыктады дарыгер.

Тектеш кабарлар

Back to top button