Дүйнө

АКШ 200 миллиард долларга Айга туруктуу база курууну пландоодо

НАСАнын башчысы Джаред Айзекман агенттик Айдын орбитасында космостук станция жайгаштыруу пландарынан баш тартып, анын ордуна туруктуу база куруу үчүн анын компоненттерин колдонорун жарыялады.

Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, НАСА Айды өздөштүрүү стратегиясын түп-тамырынан өзгөртүп, орбиталык станцияга эмес, түздөн-түз Айдын бетинде туруктуу база түзүүгө көңүл бурууда. Бул долбоордун бюджети болжол менен 200 миллиард долларды түзүп, ишке ашыруу мөөнөтү жети жылга жакын болот. Программа адамдын узак мөөнөттүү жашоосун камсыз кылууга багытталып, Марска учууларга даярдык көрүүнү көздөйт.

«Азыркы түрүндө Gateway долбоорун токтотуп, Айдын бетинде үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздай турган инфраструктурага көңүл буруп жатканыбыз эч кимди таң калтырбашы керек», — деди ал.

Lunar Gateway космостук платформасы изилдөө жүргүзүүчү база жана астронавттар Айга конуу алдында өтүүчү пункт катары пландалган болчу.

НАСА Айда база курууну үч этап менен ишке ашырууну пландап жатат. Биринчи этапта Айга жер үстүндөгү транспорт жеткирилип, негизги энергетикалык, илимий жана байланыш инфраструктурасы түзүлөт.
Экинчи этапта Жердегидей жашоого ылайык инфраструктура жана логистика түзүү аракети көрүлөт. Ал эми акыркы этапта адамдын узак убакыт жашоосуна шарт түзгөн толук кандуу база курулат. Айда турак жайлар жана транспорт пайда болушу мүмкүн.

Акыркы өзгөрүүлөр Артемида программасынын алкагындагы миллиарддаган долларлык келишимдерге таасирин тийгизери белгиленүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button