Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы биринчи ирет Африка курама командасы менен беттешет

Кыргызстандын улуттук футбол курама командасы бүгүн, 25-мартта, 2026-жылдагы алгачкы оюнун өткөрөт.

Түркиядагы окуу-машыгуу жыйынынын алкагында Роберт Просинечки жетектеген команда Экваториалдык Гвинеянын улуттук футбол курама командасы менен ойнойт. Жолугушуу Анталия шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Бул оюн улуттук курама команданын тарыхындагы 190-матч болуп, Африка континентинен келген командага каршы биринчи жолу беттеш болот.

ФИФА рейтингинде Кыргызстан курамасы 103-орунда, ал эми Экваториалдык Гвинея 107-орунда турат.

Мындан мурда кыргызстандык футболчулар Африка футболу менен клуб деңгээлинде беттешкен. Маселен, 2024-жылы Түркиядагы жыйында Кыргызстандык оюнчулар Алжирдин Оран клубу менен 0:0 эсебинде тең ойногон.

Тектеш кабарлар

Back to top button