Коом
Чүйдө дарыгерге жазылуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы QR-код аркылуу жүргүзүлөт

Чүй облусунда баштапкы медициналык-санитардык жардам системасына санариптик чечимдер киргизилүүдө. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, эми дарыгерге жазылуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Бул ыкма кезектерди кыскартып, бейтаптар үчүн медициналык жардамга жетүүнү жеңилдетет.
Мындан тышкары, кабыл алууга чейин эле медициналык камсыздандырууну алдын ала текшерүү системасы киргизилип, бул тейлөө процессин тездетет.
Фонд белгилегендей, санариптик технологияларды колдонуу менен заманбап жана ыңгайлуу кабыл алуу аймактарын түзүү — бейтаптардын ден соолугу менен убактысын артыкчылыкка койгон жаңы улуттук стандарттарга өтүүнү көрсөтөт.



