Эмил Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды

Эмильбек Балтагулов Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Дайындоо 2026-жылдын 25-мартынан тартып күчүнө кирди, келишим үч айлык сыноо мөөнөтү менен түзүлгөн. Эмильбек Балтагулов 1981-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда туулган. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин артыкчылык менен аяктаган.
Ал мугалим, көркөм жетекчи, артист болуп иштеген, ошондой эле Жалал-Абад облустук филармониясынын директорунун орун басары болгон. Жалал-Абад маданият техникумун жана Барпы атындагы облустук Кыргыз драма театрын жетектеген. Мурда да ушул филармониянын директору болуп иштеген.
Эл аралык жана республикалык сынактарда лауреат наамына ээ. Профильдик министрликтин Ардак грамота менен жана «Маданияттын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.



