Спорт

Эл аралык олимпиада комитети транссексуалдык спортчуларга аялдар арасындагы мелдештерге катышууга тыюу салды

Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) 2028-жылдан тарта гендердик тестирлөө аркылуу жынысын тастыктаган спортчулар гана Олимпиада оюндарына жана уюмдун алкагындагы башка мелдештерге катыша аларын жарыялады.

«Биз жарыялаган саясат илимге негизделген жана медициналык эксперттер тарабынан жетекчиликке алынат. Олимпиада оюндарында эң кичинекей айырма да жеңиш менен жеңилүүнүн айырмасын билдириши мүмкүн. Ал эми биологиялык эркектердин спорттун кээ бир категорияларында таймашуусу адилетсиз болору анык», — деди комитеттин жетекчиси Кирсти Ковентри.

Мындан ары Олимп оюндарына аялдар категориясында катышууну каалаган бардык спортчулар «SRY» (Sex-determining Region Y) генине бир жолку тесттен өтүшү керек болот. 

Тектеш кабарлар

Back to top button