Спорт

Акжол Махмудов чемпион Нао Кусаканы жеңди

Күрөш 28-март түнү Ташкентте өткөн PWL 11 күрөш боюнча эл аралык мелдештин алкагында өттү.

Биринчи бөлүктө Кусака алгач 2 упай, андан кийин дагы 4 упай алып, 6:1 эсебинде алдыга чыкты.

Андан соң Махмудов бир нече мыкты көтөрүүлөрдү жасап, мелдешти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктады.

Күрөштүн жыйынтыктоочу эсеби 19:6 Махмудовдун пайдасына болду.

Мындан мурда турнирде Сезим Жуманазарова Лайлохон Собированы (Өзбекстан) жеңсе, Абдымалик Карачов Осман Султановду уткан. Омурбек Асан уулу Чермен Тавитовду жеңген. Ал эми Кадыр Кенешов Гасан Гасановго утулса, Нурсадык Нурдинов Арип Абдулаевке жеңилип калды (баары — Россия).

Эске салсак, PWL 11 турниринин алкагында жалпы 24 беттеш өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button