Коом

Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллиондон ашты

Кыргызстандын калкы 7 4136 адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, жогорудагы көрсөткүч ушул жылдын 1-февралына карата алынган. Аялдар эркектерге караганда 76,4 миңге көбүрөөк.

Аялдар — 3 миллион 745 миң;

Эркектер — 3 миллион 668 миң 500.

Ошондой эле анда шаар жергесинде 3 миллион 135,6 миң, элетте 4 миллион 277,9 миң адам жашаары айтылат.

Калктын эң көп бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Тектеш кабарлар

Back to top button