Өзгөчө стил менен күйөрмандардын алкуусуна арзыган Мария Мельникова

Орус рэпери Мот борбор калаада концерт берип, көпчүлүктүн көңүлүн анын жубайы кийип чыккан сахна кийимдери бурду. Ал кыргыз дизайнери Толгонай Абышкаевага таандык BAIRA брендинин көйнөгү менен чыгып, күйөрмандардын алкуусуна арзыды.
Дизайнердин айтымында, образдарды ойлоп тапканга чейин ал Машанын мурунку образдарын кылдат карап чыккан, сахналык жана күнүмдүк стильдин тең салмагын табууга аракет жасаган.

«Толугу менен этникалык эмес, толугу менен сахналык эмес нерсе жаратууну кааладым. Натыйжада образдар кооз, ыңгайлуу жана маданий таасир берди», — деди Абышкаева.
Анын айтымында, кийимде оймо-чиймелер, ойлонулган түс схемасы жана фасон BAIRA брендинин эстетикасын чагылдырган.

Соцтармактын колдонуучулары бул көрүнүш концерттин стилдүү көрүнүшү гана болбостон, чоң сахнадагы кыргыз модасынын көргөзмөсү болгонун белгилешти.



