Окуялар

«Менин ордумда болгон ар бир милиция кызматкери ушундай кылмак». Итке таланган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери

 Итке таланган 6 жашар бөбөктү ооруканага жеткирген ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын туристтик ротасынын командири Тимурлан Кулназаров Sputnik агенттигине окуя кандай болгонун баяндап берген.

Ал 1-апрелде кызмат өтөп жүрүп, Фрунзе — Абдрахманов көчөлөрүндө тыгында турган. Ошол маалда ага бир жигит чуркап келип, баланы ит талаганын айтып жардам сураган. Командир бөбөктү эжеси менен дароо унаасына салып оорукананы көздөй жөнөгөн.

«Бала өзүнө келип, көзүн ачып, суу сурап жатты. Шок абалда эле. Жанында ата-энеси жок, эжеси бар экен. Алар кийинчерээк ооруканага жетип келишти. Менин да балдарым бар, бөбөктүн жаны ооруп жатканын көрүп жашымды тыя албадым», — деди ал.

Кулназаров бала операциядан чыкканга чейин атасынын жанында түнкү үчкө чейин болгонун кошумчалады.

«Менин ордумда болгон ар бир милиция кызматкери ушундай кылмак. Ата-энелерди балдарды кароосуз калтырбоого чакырам. Жардам керек болсо милиционерлерге кайрылгыла. Биз ар дайым коопсуздукту камсыздоого болгон күчүбүздү жумшайбыз», — деди командир.

Тектеш кабарлар

Back to top button