Коом

Бажычылар мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышты

Бажы органдарынын 260 кызматкери Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Оток тилкесинде тосмолорду орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Чек араны бекемдөө иштерине катышуу демилгеси Баткен бажысынын кызматкерлери тарабынан сунушталып, башка бажы органдары тарабынан колдоого алынган. Иш-чарага Баткен, Ош, Жалал-Абад бажыларынын кызматкерлери катышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button