Коом

Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт

13-апрелден 17-апрелге чейин (аба ырайын эске алганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдунт 3902-чакырымында) кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат.

Иштер саат 10:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаа кыймылы бир тилкеге багытталат.

«Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат», — деп белгилешти ишканадан.

Тектеш кабарлар

Back to top button