Коом
Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн «Бөбөктай» өнүктүрүү борборлору ачылат

Алгачкысы мартта Билим берүү министрлигинде уюштурулган. Ал жакта мекемеде иштегендердин балдары 2 сааттан 10 саатка чейин жүрөт. Аларды мектепке чейинки билим берүү адистигинде окуп жаткан студент-практиканттар карайт.
Билим берүү министрлигинин 1-имаратындагы «Бөбөктайды» Акылбек Жапаров көрүп чыгып, II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ачууну тапшырды. Мындай борборду каалаган мекеме, уюм, ишканада уюштурууга болору айтылды.



