Башкы прокуратура 91 млн сомдук салыкты мыйзамсыз эсептөө фактыларын ачыкдаты

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ОсОО «Б»га карата жүргүзүлгөн салыктык текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактыларын аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө салык мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык калдыктарды аныктоодо каталарга жол берүү, ошондой эле кошумча нарк салыгын мыйзамсыз эсептөө аныкталган. Натыйжада ишкердик субъектисине негизсиз түрдө 91 миллион сомдон ашык суммада салыктык милдеттенмелер кошумча эсептелген.
Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында ишкердин бузулган укуктары калыбына келтирилип, мыйзамсыз эсептелген суммалар жокко чыгарылды. Салык кызматынын төрт кызмат адамына айып пул түрүндө административдик жоопкерчилик чарасы колдонулду.
Прокуратура органдары ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү токтотуу жана мыйзамдардын так сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүп келет.



