Коом
УКМК: Бишкек шаардык ИИББнын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын инспектору кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМК тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаардык ИИББнын МККБнын инспектору, милициянын лейтенанты А.Б.Ш. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.



