Пайдалуу кеңештер

Дарыгер кене чакканда жугуучу кооптуу вирусту атады

Тийиштүү дарылоо болбосо, кене чакканда жугуучу энцефалит вирусу мээни жана жүлүндү жабыркатип, майыптыкка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер Зара Мизова «Лента.ру» басылмасына берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, кенелердин чакканынан менингит (мээ кабыктарынын сезгениши) жана энцефалит (мээнин сезгениши) өнүгүшү мүмкүн. Мындан тышкары, вирус мээнин аралаш жабыркашына — менингоэнцефалитке алып келет.

«Дарылоо болбосо, бул оорунун өлүм көрсөткүчү 25 пайызга чейин жетет», — деген Мизова.

Ошондой эле вирус жүлүндөгү кыймылдаткыч нейрондорду жабыркатышы мүмкүн. Натыйжада, негизинен колдор менен ийин бөлүгүндө байкалган солгун (вялый) шал оорусу пайда болот.

Дарыгер белгилегендей, туура дарылоо жүргүзүлгөндө да толук айыгып кетүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Кээде оору өнөкөт түргө өтүп, ар кандай неврологиялык бузулууларга алып келет: кол-буттун калтыроосу, эпилепсиялык талмалар, ой жүгүртүүнүн бузулушу, шакый (мигрень), туруктуу шал болуу, булчуңдардын атрофиясы, тынчсыздануу жана депрессия.

Статистика боюнча, кене аркылуу жуккан энцефалиттин оор формасын башынан өткөргөн адамдардын 10–20 пайызында туруктуу майыптык калыптанат, — деп кошумчалаган Мизова.

Тектеш кабарлар

Back to top button