Дүйнө

Байтик айылынан Ала-Арча сейил багына чейин веложол салынууда

Байтик айылынан «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына чейинки 13 чакырымдык веложолдун курулушунун жүрүшү тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

2025-жылдын аягына чейин 4200 метрлик тилке асфальтталып, пайдаланууга берилген.

2026-жылы пландалгандай дагы 4800 метрлик тилкеде куруу иштери улантылат.

Учурда участокто курулуш иштери бекитилген график боюнча жүрүп жатат. Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана активдүү эс алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button