Оштогу СИЗОдо шектүү өз жанын кыюуга аракет кылды

5-СИЗОдо өзүн-өзү өлтүрүү аракетинин алдын алынганын Жаза аткаруу кызматы 6-мартта билдирди.
№25 мекеме Ош шаарында жайгашкан. 10-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пункту жана 4-бөлүгүнүн 3-пункту адам уурдоо менен айыпталган 38 жаштагы жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынан которулган. 13-декабрда ал ачкачылык жарыялаган. Анын айтымында, кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери ага карата физикалык күч колдонушкан жана ага коюлган айыптардын баары негизсиз. ЖАК анын бир нече жолу тамактан баш тарканын билдирди.
2-март күнү түнкү саат 23:00 чамасында адам камерада өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны нөөмөтчү өз убагында байкап, керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Учурда абактагы адам ачкачылык акциясын улантууда. Дарыгерлер анын ден соолугун текшеришет.



