Коом

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке ассистенттерине колдоо күчөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жеке ассистенттерине колдоону күчөтүүдө. Бул тууралуу «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында айтылды.

Министрликтин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана улгайган адамдар боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумованын айтымында, өлкөдө 15 миң жеке ассистент бар.

«Алардын 99 пайызы — ата-энелер, негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери. Жеке ассистенттин ай сайынкы акысы болжол менен 8 миң сомду түзөт. Мурда ассистенттер ай сайын Салык кызматынан полис сатып алышчу. Азыр болсо милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча полисти өз алдынча алышпайт, бул функция министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен Салык кызматынын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде ишке ашырылат», — деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, тиешелүү жобого жаңы өзгөртүү киргизилип, бала менен чет өлкөгө чыккан учурда жеке ассистенттерге төлөнүүчү каражаттын мөөнөтү тогуз айга чейин узартылды.

«Буга чейин төлөмдөр алты айга чейин берилчү, эми жарандарды колдоо максатында дагы үч айга узартылды. Эгер тогуз айдан кийин эне менен бала өлкөгө кайтып келсе, төлөмдөр кайрадан жандантылат», — деп белгиледи Назгүл Чолумова.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button