Коом

Бишкек — Ош авиакаттамдарга билет баасы 6000 сомдон ашпайт

Майдан баштап Бишкек — Ош авиакаттамдарга билет баасы 6000 сомдон ашпайт. Бул туурасында Монополияны жөнгө салуу кызматынын башчысы Айбек Мамыралиев билдирди.

Ал айрым компанияларда билет баасы бир тарапка 8 200 сомго чейин жеткени аныкталганын айтты.

«Ишти ыкчам алып барып, алардын бардыгын жөнгө салдык. 1-майдан тарта 6000 сомдон жогору болбойт. Тиешелүү чечим кабыл алдык», — деди Мамыралиев.

Эске салсак, акыркы убакта социалдык тармактарда май майрамдары учурунда Бишкек — Ош — Бишкек багыттарына учак билеттеринин баасы 10 миң сомго чейин чыкканы кызуу талкуу жараткан.

Тектеш кабарлар

Back to top button