Коом
Садыр Жапаров муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасап берүүнү тапшырды

Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
“Биз 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн бекер алмаштырып берүүнү пландаганбыз. Биринчи акысыз операциядан кийин Садыр Жапаров менен сүйлөштүм, ал бардык муктаж болуп, гемодиализ алып жаткан 2500 бейтапка бекер операция жасоо керектигин айтты. Операцияларды өткөрүп алсак, азыр гемодиализге кетип жаткан акча бюджетте калып, үнөм болмок”, — деди министр.
Мамлекет бөйрөк алмаштыруучу бир операцияга 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт.



